- Главная
- Исполнители
- Насип Нурлан
- «Эки жаш»
Насип Нурлан «Эки жаш». ТЕКСТ ПЕСНИ
Возникла ошибка
при загрузке данных с сервера
при загрузке данных с сервера
Отсутствуют права
на песню
на песню
Возникла ошибка
при загрузке данных с сервера
при загрузке данных с сервера
Отсутствуют права
на песню
на песню
Слова:
Турсунбаевдики Ж.
Музыка:
Насип Н.
© ООО «Никита Онлайн»
℗ Singberry
Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
Распечатать
ПЛЕЙЛИСТ
Насип Нурлан
Всего караоке-песен в этом плейлисте:
35
- КАРАОКЕ
- ТЕКСТ